Ошто жол кырсыгынан 17 жаштагы айдоочу каза болуп 3 адам жаракат алды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында жол кырсыгынан 17 жаштагы айдоочу каза болуп 3 адам алган жаракатынан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Патрулдук милициянын Ош облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында окуя кечээ, 23-октябрь күнү саат 22:00дөр чамасында болгон.

"Кара-Суу-Ош унаа жолунда катуу бара жаткан Мерседес-Бенц E320 үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен. Ичинде 17 жаштагы айдоочудан сырткары аны менен жашташ 3 жүргүнчү болгон. Жол кырсыгынын натыйжасында айдоочу каза болуп, жүргүнчүлөрү ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KurcAinura
2017-10-24 19:10:00
Оо жараткан ар кандай кырсыктардан озун сактай кор!!!
+1
mikmun2017
2017-10-24 20:55:42
17 жашар балага не бар машине айдатып,Ата энеси кантип жонотуп койдуукен
+1
omurbekFCB
2017-10-24 21:05:02
аты жону ким экен
+1
s.k.bakyt
2017-10-24 22:43:38
17 жашта эмнени билет? Газ баскандан башка эч нерсе келбейт. Бербегилечи машина буларга. 25 жашта деле жетишет
+1
raikakyz
2017-10-25 11:28:21
Эээхххх, балдарды жакшы козомолдой албай жатабызбы,же балдарыбыз ата энеге кулак салбай жатышабы...Машинанын кесепетинен канчалаган жаш омурлор кыйылып жатат.17 жашар балдарга эмнеге машине бересинер айланайын аталар! Жаткан жери жайлуу болсун,жаракат алгандар эртераак сакайып кетишсин ылайым.
0
pero123
2017-10-25 12:22:14
рас болуптур.машина көрбөгөн да.андан башкада машина жок баштанып өпкөсүн капотко чыгарып алып айдаган да.көп болсо жарым саат кеч барасың ошол жетчү жериңе акырын жай айдасаң!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан