Италиялык жөө күлүк Эйоб Фаниэль атаандаштары жолдон адашып калганы үчүн венециялык марафонду жеңип алды. Бул тууралуу жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясы маалымдайт.
Мелдештин жүрүшүндө 7 спортчудан турган лидерлик топ пайда болгон, алар артта келе жаткан атаандаштарынан 1 мүнөткө алдыга келе жатышкан. 25 чакырымдагы аралыкта жол көрсөтүп жаткан мотоциклдин артынан ээрчип бараткан лидерлик топ туура эмес бурулуп кеткен. Кайрадан туура жолго келиш үчүн атлеттер 1 мүнөт коротту. Бул себептен Эйоб Фаниэль 1 мүнөттүк фора алып, 2 саат 12 мүнөт жана 16 секунд жыйынтыгы менен жеңүүчү болду.
Бул жыйынтык менен Эйоб Фаниэль 1995-жылдан бери венециялык марафондо жеңишке жеткен алгачкы италиялык спортчу болду.
Венеция марафону 1986-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлөт.