29-майда Ысык-Көл облусунда “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” аттуу республикалык мелдеш соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде өттү. Анда кол күрөш боюнча 1-орунду Абан Бутаев, 2-орунду Нурлан Осмонов, 3-орунду Митхун Эшкожоев ээледи. Ал эми кыздар арасындагы жеңил атлетика мелдешинде 1-орунга Гүлшанай Сатарова, 2-орунга Айжаңыл Абдыкадырова, 3-орунга Самара Өмүркулова татыктуу болду. Эркектер арасындагы жеңил атлетика мелдешинде 1-орунга Александр Мох, 2-орунга Илья Тяпкин, 3-орунга Аман Момуналиев чыкты.