Бишкек-Торугарт унаа жолунда 60 жаштагы жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу 2 айдан кийин кармалды

Бишкек-Торугарт унаа жолунда 60 жаштагы жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-августунда Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, белгисиз айдоочу Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен 60 жаштагы тургунду сүзүп, жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Айдоочу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

"Иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан