Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү кечинде "30 жаштагы тургунду сабап, тоноп кетти" деген маалымат түшкөн. Аталган маалыматты текшерүү учурунда кордук көрсөтүү жана опузалоо фактылары аныкталган.
"Кылмыш ишине шектелип, мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган М.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Ал буга чейин опузалоо, адамдын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча соттолгону аныкталган. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган. Жабырлануучунун унаасы кармалган жарандан алынган. Кылмышка шектүү убыктылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.