Түркияда 54 жаштагы тургун кызы турмушка анын уруксаты жок чыгып жатканын угуп түз эфирде өзүн-өзү атып салганы айтылды

Түркияда 54 жаштагы тургун интернеттеги өздүк баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, Түркиянын Кайсери шаарынын 54 жаштагы тургуну Айхан Узун түз эфирде аны көрүп отургандарга мындай ишке кызы сүйлөшкөн жигити менен турмуш курууга андан уруксат сурабаганын айтып түшүндүргөн. Кызы турмушка чыгып жатканын жубайы телефон чалып айткан соң билген.

Айхан Узун видеодо: "Мага эркек киши катары эч ким маани берген жок, эч ким сураган жок. Кош болгула, мен силерди таштап кетип жатам, өзүңөрдү колго алгыла", - деп тапанчаны башына такайт. Андан кийин ок чыгарылганы угулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
karakulja
2017-10-25 10:21:02
Уят олумдон катуу
+5
meni_kut
2017-10-25 10:25:48
Атанын назарына калбай олуп баратса да атасынынан ыраазылык сурап койбоптур макоо кыз
+4
meni_kut
2017-10-25 10:26:12
Эрден козу каткан кыздар
-4
TazaKyrgyz
2017-10-25 12:46:30
Кызы уруксат сурабады деп атынып алганы жеткен акылсыздык балким башка себеби бардыр
+8
AKCAHAT
2017-10-25 17:46:05
Эркек экен, намыс уят ушундай болот. Журуппуз да биз карыган кишиге тийсе деле, карыган турк, кытайга тийсе деле акчасынан берсен болду кызым деп койуп.
+2
Targarien
2017-10-25 20:50:44
AKCAHAT, азыркы ата-энелер акчасы болсо кызын албарстыга да сатып берет Кыздар акчасы болсо токсондогу чалбы же африкалыкпы тие берет Эптеп акчалууга тийип тайрандап жашасам деп ойлошот да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан