Өзгөн районунун Куршаб аймагында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жаракат алгандар бар

Өзгөн районунун Куршаб аймагында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош-Бишкек унаа жолунун Куршаб аймагында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктан 2 айдоочу, 1 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Окуя 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү саат 01:45 чамасында болгон. Мында Nissan Primera, Daewoo Nexia, Mercedes-Benz жана Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыкка Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу себепкер болгон. Ал мас абалында болгону аныкталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кырсыкка кабылган 4 унаа айып аянтына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2017-10-25 10:38:04
Менин айылым го. Кудай сактасын.
0
evra_kg
2017-10-25 11:36:58
Менинда айылым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан