Милиция менен жаңжалдашкан айылдык кеңештин депутаты үй камагына чыгарылып, апасы жер маселеси боюнча камакка алынды

Сокулук районунда мас абалында Патрулдук милициянын кызматкери менен жаңжалдашкан айылдык кеңештин депутаты үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, М.Г. аттуу айылдык кеңештин депутатынын апасы арыздын негизинде Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.

"Айылдык кеңештин депутаты Сокулук райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ал эми анын апасынын үстүнөн жер маселеси боюнча арыз түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Буга чейин да жер маселелери боюнча кармалган аялдын үстүнөн арыз болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nargiza1987k
2017-10-25 11:22:59
Башталды
0
pero123
2017-10-25 11:57:42
ХХХХ баягы эле карапайым эл да.өздөрү мыйзам бузса эч нерсе болбойт!!!
-3
admin_superstan
2017-10-25 13:58:30
pero123, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
cico
2017-10-25 12:08:56
Милициянын паганун үзүп салып милиция мн урушса кадимки жаран болгондо камап коет эле закон баарына бирдей болуш крк
+7
Tima0304
2017-10-25 13:04:12
бироосу мыйзам жазат экинчиси аткарат, биринин этин бири жесин
-1
Alinur96kg
2017-10-25 16:07:01
Ага окшогон ХХХХ койо берген соттор дагы ХХХХ экен.
-1
admin_superstan
2017-10-26 12:23:00
Alinur96kg, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан