Кыргыз курама командалары (эркектер жана кыздар арасындагы) Монголиянын Улан-Батор шаарында 27-октябрда старт ала турган стритбол боюнча Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн баскетбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Азия континентинен, Австралия жана Океания өлкөлөрүнөн 12 команда катышат. Учурда эркектер арасындагы мелдешке 15 команда аттанган, алардын ичинен 6 команда тандап алуу этабынан өтүп, 3 команда кийинки этапка өтөт.
Кыргыз курама командаларынын атаандаштары:
Эркектер курама командасы "D" тайпасында жайгашып Кытай курамасы менен беттешет. Экинчи атаандашы тандап алуу этабы бүткөн соң билинет.
Кыздар курама командасы дагы "D" тайпасына туш келип Жаңы Зеландия жана Индия курамалары менен беттешет.
Маалымат үчүн: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).
Кыргыз курама командаларынын беттештеринин тизмеси:
27-октябрь (Бишкек убактысы боюнча):
Кыздар: Кыргыз курамасы - Индия саат 14:20
Эркектер: Кыргыз курамасы - тандап алуу этабында 3-орунду ээлеген команда менен саат 16:10.
Кыздар: Кыргыз курамасы - Жаңы Зеландия саат 17:25,
Эркектер: Кытай - Кыргыз курамасы саат 17:45те беттешишет.