Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 24-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 55-чакырымында (Чок-Тал айылы) болгон.
"Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну күн батышты көздөй баратып, жолдо өтүп бараткан 3 адамды Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Анын кесепетинен 1981, 1980-жылы туулган эже-сиңди жана алардын жанындагы 2015-жылы туулган кыз окуя болгон жерден жан беришкен. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.