29-майда “Каспий Кубогу” үчүн Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан футбол боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азербайжан командасынан 0:7 эсебинде утулду. Мелдешке бир катар өлкөлөрдүн 1997-жылы туулган жаш футболчулары катышып жатат. Командалар эми 4 топко бөлүнүп, жарым финал жана финалга чыгуу үчүн күч сынашмакчы. Мекендештерибиз бүгүн, 30-майда АКШнын командасы менен беттешет.