Саналуу мүнөттөрдөн кийин ырчы Роза Шакированын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталат.
Ырчы айымдын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, алдыдагы пландары жөнүндө сизди кызыктырган суроолорду жөнөтүңүз. Жообун түз эфир жүрүп жатканда Роза айымдын өзүнөн угасыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроо ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолоруңузга ушул кабардын астына комментарий жазып калтырып, жооп алсаңыз болот.
15:03. Роза Шакированын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды.
15:08. "Чоң апам комуз менен ырдачу экен. Талант мага атам тараптан өткөн болушу керек деп ойлойм. Бир туугандарымдын үндөрү жакшы. Бирок башка кесипти тандап алышкан", - деди ырчы.
15:11. "Жолдошумдун мүнөзү токтоо. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүздө көп сүйлөгөн адамдай туюлчу. Үй-бүлөдө түгөйлөрдүн бири токтоо, бири шайыр болушу керек экен. Жолдошумдун мени арбап алган сапаттары азыр жок", - дейт ырчы күлүп.
Кеңеш сурап кайрылган окурманга ырчы: "Жолдошуң башканы сүйүп калса кармай албайсың, баары бир кетет. Биз башка аялга кетпешине аракет жасашыбыз керек", - деп жооп берди.
15:17. Ырчы чыгармачылыкка аралашканга чейин тамактануучу жайда идиш жуугуч, көп кабаттуу үйдө пол жуугуч болуп иштегенин айтты.
15:23. "Элдер ырчылардын жашоосу укмуш деп ойлошот. Мен үйдү кредитке алгам. Тойлордон түшкөн акчамды жумшай турган көп жер бар", - деди Роза Шакирова.
15:23. "Жетпей калган сүйүүнү сүйүү деп барктабаш керек деп ойлойм. Бирге боло албасаң, демек, ал сүйүү эмес", - дейт ырчы.
15:38. "Күйөрмандарымдын арасында чектен ашып кеткендери бар. Сүйүүсүн билдирип кат жазгандары дагы бар. Мага келген билдирүүлөргө кээде жолдошум жооп жазып коёт", - дейт ырчы.
15:41. "Азыркы учурда кыз сүйсө тиет", - дейт ырчы күлүп. Окурмандын суроосуна ал жолдошунун биринчи никеси экенин айтты.
15:58. Ырчы "Таппай жүрөм" чыгармасын филармонияда ырдаганда ыйлап аткарганын айтты.
16:16. "Жолдошум менден 7 жаш улуу. Анын менин уулумдан сырткары үч баласы бар. Алар менен катташпайм. Жолдошумдун биринчисиби, экинчисиби же үчүнчүсүмүнбү, билбейм. Бирок ал мени менен жашайт", - деди ырчы.
16:31. Ырчынын түз эфирдеги маеги аяктады.