Райкан Төлөгөнов сотто Искендер Бакиевдин Бишкектеги кеңсеси тонолгону боюнча берген арызы 3 жыл кечигип жазылганын айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун 31 томдон турган иш материалдарынын 27-томуна соттук териштирүү жүргүзүлүүдө.

Анда Төлөгөнов соттон Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиевдин Москва көчөсүндөгү кеңсесинин талап-тонолушу боюнча жазган арызын карап чыгууну өтүндү. Искендер Бакиев жазган арызында 2010-жылдын 7-апрелинде Райкан Төлөгөнов тарабынан тонолгонун, анын ичинде телевизор, компьютер жана кеңсе эмеректери болгонун көрсөткөн.

Төлөгөнов Искендер Бакиевдин көрсөтмөсүнө токтолуп: "Арыз 2013-жылы жазылыптыр. 2010-жылы тонолсо эмне үчүн ал арызды 2013-жылы жазып берип жатат. Үч жыл кайда жүрдү? Андан сырткары ал 2010-жылдан кийин Бишкекте болгон эмес. Ошондуктан коюлган кол аныкы эмес болушу мүмкүн. Себеби анын кол тамгасы экспертизадан өткөн эмес", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан