Орусиялык куудул, шоумен, актёр, сценарист, продюсер, КВНчи Михаил Галустяндын популярдуулугу күн санап өсүүдө. Галустяндын жылдызы орусиялык КВНдин сахнасынан жангандыгы көпчүлүккө маалым. Тасмаларда да мыкты ролдорду жаратып, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан, сакадай бою сары алтын Михаил Галустян тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
1. Медициналык билими бар
Михаилдин апасы дарыгер. Апасынын жолун жолдоп медициналык окуу жайына тапшырып, аяктаган. Окуу жайын аяктаган соң бир нече ай фельдшер болуп иштегенге жетишкен. Бирок медициналык академияга тапшыруудан баш тарткан.
2. Биринчи айлыгын ата-энесине берген
17 жашында эле КВНдин жылдызына айланган Михаил эң алгач 15 миң рубль акча тапкан. Жай мезгилинде иштеп тапкан акчасынын бардыгын апасына берген.
3. Армян тилин жакшы билбейт
Михаил орус тилин кичинекейинен тарта көңүл буруп үйрөнгөн, орус тили ага келечекке жол ачкан. Өзүнүн эне тили болгон армян тилинде жакшы сүйлөй албайт.
4. Калыптанып калган стереотиптерди жокко чыгарат
Армяндар муз үстүндө бийлей албайт деген стереотипти жокко чыгаруу үчүн "Муз доору" теле долбооруна катышып, жакшы ийгиликтерди жарата алган. Бирок буга чейин бир да жолу коньки тээп көргөн эмес.
5. Евгений Петросяндын чыгармачылыгын жакшы көрөт
Галустян белгилүү орусиялык куудулдардын чыгармачылыгын сыйлайт. Ал Михаил Задорнов, Евгений Петросянды кумир тутат. Ал эми чет элдиктерден Эдди Мёрфи жана Роберт Уильямдын чыгармачылыгын баалайт.
6. Боюнун кыскалыгынан эч качан уялган эмес
Кайсы мезгилде болбосун боюнун кыскалыгынан ыңгайсызданган эмес. Элдин анын бою тууралуу кептерине ар кандай тамашалар менен жооп берип кутулат.
7. Үч жолу үлпөт тоюн өткөргөн
Михаил Галустян өзүнүн аялы Виктория Штефанец менен үч жолу үлпөт тоюн белгилеген. Алгач үлпөт тоюн Сочиде өткөрүшкөн, андан соң достору үчүн Москвада экинчи ирет той өткөрүшкөн. Үчүнчү жолкусун армян элинин каада-салты менен туугандары үчүн белгилешкен.
Михаил Галустян 1979-жылы 25-октябрда Сочиде жарык дүйнөгө келген. "Утомлённые солнцем" командасы менен КВНге катыша баштаган. Ал эми 2002-жылы аталган команданын капитаны болуп, 2003-жылы сезондун чемпиону болгон. Андан соң анын командасы үч ирет Жайкы кубокту жеңип алган (2004, 2005, 2009). Кийин ар кандай көңүл ачуучу программаларды алып барып, тасмаларга тартылып, атактуулугун арттырган.
25-октябрга карата жылнаама.