Бишкекте "кагазды долларга айлантабыз" деп алдамчылыкка шектелген африкалыктар кармалды

Бишкекте "кагазды долларга айлантабыз" деп алдамчылыкка шектелген Гвинея жана Камерун өлкөсүнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар башкаларга жөнөкөй кагаздарды долларга айландырып жиберүү кызматын сунушташкан. Африкалыктар шаардагы батирлердин биринде кезектеги алданган адамды чакырып, кагаз кантип акчага айланганын көрсөтүшкөндүгү тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине келип түшкөн.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектин Калык Акиев көчөсүнөн Камерундун 1964-жылы туулган жараны Б.Ж. жана Гвинеянын 1967-жылы туулган Н.Н. аттуу жараны кармалды. Алардын убактылуу жашап жаткан жеринен медициналык беткаптар, кара түстөгү порошок, түссүз суюктук табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nevestkaa
2017-10-26 08:10:28
Ишенчээк элбиз да карабайсынбы эми кагаз кантип доллар болуп калсын,андай болгондо булар бизге жасап бербей эле өздөрү жыргап жашамак да.Жазасын алсын милицияларга да доллар жасап берип чыгып кетишпесин.
+8
salimbek87.kg
2017-10-26 08:12:12
Э аяш авалар жөн эле жүрбөйсүңөрбү жазасын толук алсын эми .
+3
ori
2017-10-26 09:31:50
salimbek87.kg,качантан бери сенин аяш аван болуп калды?биротоло аяш ата деп ал!сенин бир тууган кыргызын алдап атса аяш ава дейсин да тоже мне патриот
+1
Dalil
2017-10-26 08:38:52
5 жыл мурда ушундай окуя болгон эле кайра кайталаныптыр да
+3
Isco23
2017-10-26 08:59:31
Камаш кк кыргыз болгондо уже соту сразу башталды эле,расага болсом Бан болуп кетпейин))
0
ori
2017-10-26 09:29:05
Isco23,сага окшоп бандан кызмат ордун алдырып коюштан коркуп унчукпай олтурушуп мамлекет ушул даражага келди!камагыла буларды!кыргызды куураткандардын орду турмодо!миграция фок жеп олтурабы текшеруу иштерин жургузуп турбайсынарбы депорт кылып тез тез!баардык иностранец менен суйлошсон акча берсен шымын да чечип берет деп шылдын кылышат силерди ар намыс деген болуш керек да кичине болсо да
+8
aza84
2017-10-26 09:56:56
Коз боемочулук окшойт
+1
zevs
2017-10-26 17:58:56
Karavaylar katuu ketkengo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан