Нарын шаарында милиция кызматкери өз кесиптешин капыстан атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя кечээ, 25-октябрда саат 18:15тер чамасында болгон.
"Нарын ШИИБинин күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө куралын тапшырып жаткан 26 жаштагы ага сержант М.Н. капысынан милициянын старшинасы Ж.У. тарапка ок чыгарып алган. Атылган ок көкүрөгүнө тийип Ж.У. ошол жерден каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.