26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкекте 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков аттуу милиция кызматкери бычактан жаракат алып, анын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов билдирди.
"Майрамбеков кечээ эмгек өргүүсүнө кетүүгө арыз берген. Бирок түн ичинде Бишкектеги көчөлөрдүн биринде бычактан жаракат алып каза болуп калды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү адам изделүүдө. Ошондой эле экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Оморов.
Каза болгон милиция кызматкери Бишкектеги Биринчи Май РИИБинде бир жылдан бери ыкчам кызматкер болуп иштеп келген.