Чоң-Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Чоң-Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн эртең менен саат 07:30да Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында болгон. Анын очогу Жайылма айылынан 15 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кашка-Суу айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Кабак айылынан 19 чакырым түштүк-чыгышта, Кабык айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 90 километр түштүк-батышта жайгашкан.

Жайылма, Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 3 баллга, Кабык айылында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан