Ошто муниципалдык менчик департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ошто муниципалдык менчик департаментинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын май айында Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы жолдорго (9 миң 767 чарчы метр) асфальт төшөө үчүн тендер өткөн. Анын жыйынтыгында "СЭМ" ишканасы жеңүүчү аталып, ал иш 4 миллион 88 миң сомго бааланган.

"Кара-Суу шаарынын муниципалдык менчик департаментинин жооптуу кызматкерлери асфальт төшөө иштери боюнча акт түзүшкөн. Анда жолдун айрым бөлүктөрүнө, тактап айтканда, 1 миң 770 чарчы метр жерге 225,25 тонна асфальт төшөлгөнү жазылган. Бирок текшере келгенде ал жерге болгону 207,9 тонна асфальт кеткен. Ошондой эле айрым кызмат акылар боюнча баалар негизсиз жогорулатылган. Анын кесепетинен мамлекетке 740 миң сом зыян келтирилген. Азыркы тапта Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан