Бишкекте өлтүрүлгөн милиция кызматкери Уларбек Майрамбеков үйлөнүү үчүн эмгек өргүүсүнө чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Уларбек Майрамбеков 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Ал 2014-жылы Орусиянын ИИМ академиясын аяктап, Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында аймактык тескөөчү болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдан тарта Биринчи Май РИИБинде ыкчам кызматкер катары иштеп жүргөн.
"Уларбек Майрамбеков бир күн мурун эмгек өргүүсүнө кетүүгө рапорт жазган. Анда үйлөнүү үчүн кетип жатканы айтылган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү изделүүдө", - деп билдиришти ШИИББден.
Айта кетсек, окуя 26-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз адам Уларбекти бычак менен сайып кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.