Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген аял 6 жылга жана анын мурдагы күйөөсү 15 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 26-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча соттук отурум өттү. Анда сот шектүү Нарын Токтошевди 15 жылга, Майрамкүл Абдурасулованы 6 жылга эркинен ажыраткан.

Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана анын мурдагы күйөөсү 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү өзүнүн үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batma08
2017-10-26 11:42:13
Акча жаман нерседе озу акча учун кеебирлери баарына даяр
0
aerforce
2017-10-26 13:56:34
соту жыла берип акыры соттолдубу куноосу болсо жазасын тартышсын мыкаачылык менен олтурушту кудайым деле кечирбесе керек
0
aman0296
2017-10-26 23:29:33
Эми сот чечтиби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан