Бишкек шаарынын тургуну Гүлзат Шарипова күйөөсү Кайрат Сатаев менен 2009-жылы баш кошкон. Ортолорунда 7 жаштагы Адеми аттуу кызы жана 5 жаштагы Адилет, 2 жаштагы Султан аттуу уулдары бар. Үй-бүлө 2016-жылы эки ажырым жолго түшүп, 2017-жылы расмий ажырашышкан.
Гүлзат Шарипованын айтымында, ал жумушта жүргөн кезинде күйөөсү эч кимден уруксат сурабай үч баласын алып кетип калган.
"2017-жылдын 1-июль күнү кичүү балам Султанды алып кетип калган. Ленин РИИБине арыз жазсам, атасы экен деп ишти жаап коюшкан. 15 күндөн кийин кайра келип, Адеми менен Адилетти алып кеткен. Мен жумуштан келип эле таппай калдым. Ленин РИИБине дагы арыз жаздым, бирок алар деле күйөөмө чара көрүшкөн жок. Мен күйөөмө жалгыз баруудан корком. Ал мени ур-тепкиге алып сабачу. Кийин милиция кызматкерлери менен бирге барып, үйүнөн тапкан жокпуз", - деди Шарипова.
Ошондой эле ал күйөөсү Кайрат Сатаев үч баласын алып, өлкөдөн чыгып кеткенин эки айдан кийин гана билгенин айтты.
"Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ал 15-августта Кайыңдыдан чыгып кеткен. Балдарымдын туулгандыгы тууралуу көбөлүктөрү менде. Ал үч баламды менин уруксатымсыз, күбөлүктөрү жок кантип алып чыгып кетти? Айрымдар анын Москвада экенин, балдарым болсо тилемчилик кылып жүрүшкөнүн айтышууда. Мен балдарымды тилемчилик кылсын деп боорума басып чоңойткон эмесмин. Эки балам бала бакчага, кызым мектепке барыш керек болчу. Москвада балдарым кандай күн өткөрүп жатат билбейм. Ал жакта балалуу эмес, жалгыз киши араң жашайт. Эгер сүрөттөгү балдарды көргөн-билгендер болсо, кабарлап койсоңуздар. Менин телефон номерим: 0 (709) 43-96-06", - деп кошумчалады.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, Кайрат Сатаев аттуу адам 1-сентябрдан 5-сентябрга чейин элчиликтин мейманканасында балдары менен жашап кеткенин билдиришти.
"Ал киши элчиликтин мейманканасында 4-5 күн жашаган. Келинчеги "балдарды уурдап кетти" деп жатат. Жолдошу бизге андай деген эмес. Биз "сизди ушундай 3 баласы менен жалгыз, акчасы жок, кыйналып Москвада жүрөт, жардам керек деп жарыялайлы, диаспора, жалпы эл жардам берет" десек "туугандарымды таптым" деп эч кимге айтпай чыгып кеткен. Ошол боюнча белгисиз. Элчиликте документтеринин көчүрмөлөрү бар. Учурда ал изделүүдө", - деп билдиришти элчиликтен.
Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов чынында эле Гүлзат Шариповадан Ленин РИИБине арыз келип түшкөнүн билдирди.
"Ооба, ал жаран бизге кайрылган. Бирок соттун чечиминде балдар кимде калары тууралуу эч нерсе жок экен. Мындан улам биз эч нерсе кыла алган жокпуз. Сотко кайрылсак да, балдардын кимде калары тууралуу маселе каралбаганын билдиришти. Учурда Кайрат Сатаев издөөдө. Кыргыз жерине келсе, иш кайрадан каралат", - деди Оморов.