Жумакадыр Акенеев, экономист: "Чек арадагы тоскоолдуктан Кыргыздан башка өлкөлөр да зыян тартууда"

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктан Кыргыз мамлекети гана эмес, Орусия менен Казакстан да жапа чегүүдө. Мындай пикирин экономист Жумакадыр Акенеев бүгүн, 26-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, чек арадагы тоскоолдук аталган үч өлкөнүн тең ишкерлерине экономикалык жактан кыйынчылык жаратып жатат.

"Биздин ЕАЭБдин курамына мүчө болгонубузга эки жыл болду. Интеграцияга кирген өлкөлөрдүн экономикасын алдыга жылдыруу үчүн өтө маанилүү документтер кабыл алынган. Акыркы үч аптадан бери Кыргыз-Казак чек арасында абал оор болуп жатат. Жакында өкмөт башчы Сапар Исаков Казакстандын өкмөтү менен сүйлөшүп, чек арадагы маселени чечүү үчүн документтерге кол коюп келген. Бирок жарандардын жана жеңил унаалардын өтүүсү жеңилдегени менен, оор жүк ташыган унааларга коюлган чек алынбай жатат. Эгерде оор жүк ташыган унаалар боюнча маселе бар болсо, 2 жылдан бери ошол эле унаалар жүк ташып жүрүшкөн да.

Ал эми Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин Ереван шаарында өткөн жыйынында чек ара боюнча иштелип чыккан жол картасына кол коюлушу керек эле. Бирок кол коюлган жок. Бул жол картаны Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосундагы комиссия иштеп чыккан. Ушундай кырдаалдан улам Кыргыз мамлекетиндеги, Орусиядагы жана Казакстандагы ишкерлер чоң жапа чегүүдө", - деди Акенеев.

Экономист Казакстан жол картасына кол коюудан баш тартканы туура эмес болгонун белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2017-10-26 15:07:18
Арзымат экен го билип туруп сүйлөгөнүн ток этер жерин айталбай
+3
jbolotov
2017-10-26 15:10:34
Таможенный союз, ЕАЭС ке кирсек жыргайбыз жеген дежур ушул кишида. Эми дагы 5 жыл чыдап турсак жонркой элдин мингени жалаан жигули же Россиядан келген мусор машиналар болот.
+3
erlist
2017-10-26 16:30:11
Кыргыз Эли эмне унчукпайсынар же депутар унчукпайт бу Жерде ушунун баарын кылган киши барып бутурбойбу ары же бери кылып кимди кутуп атат же озу бутуп калат десе терен жанылышат.Казактар минтип атат тигинтип атат деп отра беребизби колду жайып...Мен ойлойм ар бир эркек суйлогон созуно жооп берет деп... бар да суйлош болбосо таможный союздан чыгыш керек эмне кереги бар элди кыйнап.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан