Кара-Суунун Жаңы-Арык айылында белгисиз унаа бир тууган эже-сиңдилерди сүзүп, бири каза болду. Айдоочу изделүүдө

Кара-Суунун Жаңы-Арык аймагында белгисиз унаа бир тууган эже-сиңдилерди сүзүп качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында белгисиз унаа бир тууган эже-сиңдилерди сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылгандар Өзбекстандын Андижан облусундагы Коргон-Төбө районунун 1973-жылы туулган Д.М. жана 1960-жылы туулган М.Д. аттуу жашоочулары болгон. Окуя болгон жерден айдоочу качып кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен 1973-туулган Д.М окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми эжеси М.Д. райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда ыкчам изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Кырсык болгон жерден алыс эмес жерде видеокамерага Орусиянын номуру тагылган ак түстөгү унаа тартылып калган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Милиция кызматы кырсыкка күбө болгон адамдардан маалымат берүүнү өтүнөт. Окуянын күбөлөрү 102 кызматына жана 0 (3222) 2-30-87, 0 (551) 80-80-88 номурлары аркылуу укук коргоо кызматкерлерине байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Batma08
2017-10-26 16:09:31
Бары бир табылаткыныр иш 40 жылда билинсе азыр тез эле билинип калат
+2
jany-aryk
2017-10-26 16:55:14
жаман болуптур
+4
ori
2017-10-26 17:36:12
Коопсуз шаарды ишке киргизип камера радарларынарды койгонунарда коп кыргызды аман алып калмакпыз!олтура бергиле кунумдук жыргал жашоонорду ойлоп!кана министр МВД реформа кылып кыйратам дебедин беле ПМин корупцияга батып кетти силер куноолусунор!мен сени менен спор ойноп гарантия берем 2000 сом менен любой ПМине мас абалда тушуп чыгып кетем!аны сен билип туруп креслондо олтура бер кыргыздын кырылган жаш балдарынын арбактары тынч койбогурлар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан