Кыргыз режиссёру Салтанат Зарнаеванын "Үй" фильми Иранда өткөн эл аралык кинофестивалда Азиянын мыкты тасмасы аталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тегеран шаарында 17-22-октябрь аралыгында өткөн 34-эл аралык кыска метраждуу фильмдердин фестивалына 43 мамлекеттин режиссёрлорунун 110 тасмасы катышкан. Байгеге татыктуу болгон кыргыз тасмасында атасын айылдан шаардагы үйүнө көчүрүп барууга аракет кылган мүнүшкөрдүн уулунун окуясы баяндалат.