Эртең, 27-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча Суперлигасынын жаңы сезону старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, 27-29-октябрда "В" жана "С" тайпадагы беттештер өтөт. Оюндар Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат.
Эске салсак, аталган мелдешке 9 команда катышып, 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-4-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.
"А" тайпасы: "EREM" (Ош), "Баткен" (Баткен), "Жалал-Абад" (Жалал-Абад).
"В" тайпасы: "Мурас" (Ысык-Көл облусу), "Фарватер" (Бишкек), МФК "Жакшылык" (Бишкек).
"С" тайпасы: "Бакубат Талас" (Талас), "Алга" (Бишкек), "Sun City" (Бишкек).
Оюндардын тизмеси:
27-октябрь:
17:00 “Фарватер” – “Sun City”;
18:45 “Мурас” – “Алга”;
20:30 “Жакшылык” – “Бакубат Талас”.
28-октябрь:
17:00 “Мурас” – “Бакубат Талас”;
18:45 “Жакшылык” – “Sun City”;
20:30 “Фарватер” – “Алга”.
29-октябрь:
12:00 “Мурас” – “Sun City”;
14:00 “Фарватер” – “Бакубат Талас”;
16:00 “Жакшылык” – “Алга”.