Украинада Алия Шагиева, Юристанбек Шыгаев баштаган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды (фото)

Украинанын Киев шаарында Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин жана жаш сүрөтчүлөр Алия Шагиеванын, Айгүл Касымованын "Көчмөн аял" темасындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көргөзмө Украина менен кыргыз элинин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган. Ага кыргыз элинин көчмөн жашоо образынын, салттарынын, тарыхынын жана өлкөнүн жаратылышынын уникалдуулугун чагылдырган 30дан ашык сүрөт коюлган. Көргөзмө ушул жылдын 15-ноябрына чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2017-10-26 19:41:49
Президентин кызы болбогондоушинтип коргозмолорго катыша алмак болду бекен
-5
Miran.9395
2017-10-26 23:10:19
Талантты кудайым сен президенттин кызы экенсин суротчу бологой деп бербейт.Таланты бар адам кичинесинен эле билинет.
+8
cfif03748
2017-10-27 00:57:00
Суротчу десе суротчу чачын бойойт имиш болуптурго.тарткан суротторун кара.мындай суротторду мектеп окуучулары деле тартатко
-2
ulua
2017-10-27 15:34:11
Ой бай искусствого тушунбогондор ноу коммент эле калгылачы, сураныч!Атасы ал атасы, Алия бул Алия,атасынын ишине киришпей оз алдынча тиричилик кылып келатса деле,мындай суротторду тартууда адам коп окуйт, изденет, дуйно тарыхын ачып шугулданат, суроттордун ар тараптуу мааниси чон!
-1
Birimdik5555
2017-10-27 20:23:49
Азамат Алия сенден башкасы болгондо атам президент деп озу депутат болуп алмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан