Америкалык актриса Жессика Альба уулдуу боло тургандыгын жарыялады. Мындай кабарды актриса интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыккан.
36 жаштагы кош бойлуу актриса жеке баракчасына жарыяланган кыскача видеодо уул күтүп жаткандыгын маалымдаган.
Видеодо актриса 9 жаштагы Онор жана 6 жаштагы Хевен аттуу кыздары менен биргеликте бакта илинип турган кутучаны ачышкан. Кутучанын ичинен көк түстөгү шарлар жана момпосуйлар түшкөн.
Жарыялаган видеонун алдына Альба: "Кэш жана мен аябай толкунданып жатабыз. Үй-бүлөбүз жакында эркек бала менен толукталат" - деп билдирүү калтырган.
Айта кетсек, актриса кош бойлуу экенин түгөйлөр ушул жылдын июль айында кабарлашкан.