УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновду суракка алды. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ал кечээ УКМКга чакырылып, сурак 2 саатка созулду.
Эскерте кетсек, 29-майда Башкы прокуратура УКМКнын материалдарынын негизинде Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаттар Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар өкмөт мүчөлөрү болуп турган маалда 2009-2015-жылдары “Унаа сыноо станциясы” ачык акционердик коомуна 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган деген айыпталууда.