ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: "Кайрадан чыгармачылыкка жеңди түрүп кириштим" дейт 35 жашка толгон Клара Алибекова

Кичинекей экендигине карабастан Кыргыздын жигиттерин даңктап ырдап, кыргыз эстрадасына жылдыздай жарк этип, көпчүлүк күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Клара Алибекова бүгүн, 27-октябрда 35 жашка толду.

Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап чалганыбызда, ыраазычылыгын билдирип төмөнкүлөргө токтолду: "Жыл сайын өздүк майрамымды үй-бүлөм, санаалаш досторум, жакындарымдын курчоосунда белгилейм. Быйыл да дал ушул адамдар менен белгилейин деп турам".

Көтөрүңкү маанайда өзүнүн туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы айым чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы чыгармаларды жаздырып жаткандыгын кошумчалады.

"Буюрса жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип жаткан учурум. Жакын арада күйөрмандарымды жаңы чыгармаларым менен кубантам", - дейт ал.

Ырчы Клара Алибекова Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарчасында 1982-жылы төрөлгөн. Алгач 5-классында “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ырды аткарып калың элге таанылган. Андан кийин “Классташым”, “Энекем”, “Сүйүү керемети” жана башка ырларды аткарган.

27-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
arena2014
2017-10-27 18:36:39
Ийгиликтер коштосун кутобуз!
+6
barakcha
2017-10-27 21:55:11
Ошентчи.
+3
33SUUN
2017-10-27 23:27:00
Ишине ийгилик Клара.Купуя каттан байланыш мага.
+2
nur8777
2017-10-27 23:50:50
А.Иманалиева Кларага жардам корсотуп,кайра сахнага чыгышына жардам берем деди эле го,инстаграмдагы оз баракчасына..Кутобуз
+4
gulzat91
2017-10-28 00:04:31
иий бул апчемдин билек туро кириштим дегенине канча болду.
+2
K.peri96
2017-10-28 01:48:12
gulzat91,jakynda jany yrlarym chygat degenine 3 ai 90 kun boldu men kuto berip kutoberip kuto berip oooooooooouuuuuuu.
+2
Aijash90
2017-10-28 17:00:07
Депрессиядан чыгып анан сахнага кайтпаса сахна карышкырлары Клараны жөн эле кайта чүнчүтүшү мүмкүн..шоу чөйрөдө өтө күчтүү адам болушу керек деп ойлойм
0
Nazaralikarakulja
2017-10-30 02:03:43
Эн жакшы ийгилик Жана ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан