ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Хэллоуин майрамы белгиленет

Хэллоуин - ар кандай кудайларга жана ата-бабаларына сыйынган байыркы элдин түрдүү ишенимдеринен улам келип чыккан майрам. Аны алгач англис тилдүү өлкөлөр гана белгилешсе, бул күндү майрамдаган адамзаттын саны жыл сайын өсүүдө.

Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан бул күн жыл сайын 31-октябрда майрамдалганы менен, расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хэллоуиндин атрибуттарына кызыккандар көбөйүп, азыркы учурда АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да майрамдалып келет.

"Хэллоуин" сөзү англис тилиндеги "All-Hallows-Even" сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Биздин тилге "бардык ыйыктардын күнү" деп которулган бул сөз Оксфорд сөздүгү боюнча алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет. Ал эми карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Хэллоуинде шайтандардын, кан соргучтардын, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, ханбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет. Бул майрам Кыргыз өлкөсүндө соңку 3-4 жыл аралыгында кеңири жайыла баштады.

Ошондой эле бул күнү "Ооз тийгиз же өкүнүп каласың" деген түшүнүк кеңири жайылгандыктан, бет кап кийген мектеп окуучулары ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашса, кээ бирлери таттуу шоколад же момпосуйларды көтөрүп келишип, үй ээлерин сатып алууга мажбурлашат.

Хэллоуин тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Майрамдын негизги түстөрү - кара жана кочкул сары. Кара өлүмдү түшүндүрсө, кочкул сары күздөгү мол түшүмдү туюндурат;
  • Дүйнөдө өткөрүүгө эң көп каражат коротулган фестивалдардын сап башында турат. Мисалы, бир гана Америкада Хэллоуинге даярдануу үчүн 2,5 миллиард доллардан ашуун акча кетет;
  • Хэллоуин кичинекей балдар арасында фобия катары саналат. Ал жаш балдардын психологиясына терс таасир бергендиктен, майрамдан соң психологдорго кайрылган ата-энелердин саны арбыйт;
  • Мексикада бул майрам "өлгөн адамдардын күнү" катары саналып, каза болгон жакындарынын күмбөздөрүнө барып сыйынышат. Ал эми шаан-шөкөт тууралуу ойлонуп да коюшпагандыктан, бул өлкөдө аталган майрам эң кызыксыз белгиленет деп айтылат;
  • Кызыгы, айрым жерлерде 31-октябрь күнү түн ортосунда күзгүнү карап, өз өлүмү качан келерин көрүүгө болот деген уламыш айтылса, кээ бир аймактарда жаш кыздар дал ошол убакытта күзгүдөн болочоктогу жолдошунун жүзүн көрүүгө болоруна ишенишет;
  • Учурда майрамдын символу катары ичине жарык орнотулган ашкабак эсептелсе, бир убакта анын ордуна түрптү колдонушкан. Ошондой эле бул күнү өзгөчө күчкө ээ деп саналган кара мышык менен үкүлөргө да чоң маани беришет;

Ал эми дүйнөлүк жылдыздар бул күнү бири-бирине окшобогон костюмдарды тиктиришип, жыл сайын кесиптештеринин арасында өзгөчөлөнүп турууга аракет кылышат. Мисалы, америкалык ырчы Кэти Перри саясатчы Хиллари Клинтондун образын чагылдырса, Леди Гага арбактын, Ариана Гранде кан соргучтун костюмдарын кийип чыгышкан.

Ошондой эле жыл сайын ар түрдүү формаларды кийип, элди таң калтырууну жактырган жылдыздардын сап башында модель Хайди Клум турат. Анын образдарын бул шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

31-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dalil
2017-10-31 08:35:33
Акылдан адашкандардын майрамы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан