АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын кызы, бир кездеги фотомодель, жазуучу жана бизнесвумен Иванка Трамп 1981-жылы 30-октябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында туулган. Анын апасы чехиялык Ивана Трамп убагында белгилүү модель болгон. Кызы да эне жолун жолдоп, өзүнүн карьерасын дал ушул жааттан баштаган.
Бирок бул кесиби менен 3 жылдан ашуун гана убакыт алектенип, кийин бизнес тармагына ооп кеткен. Алгач бриллиант жасалгаларын чыгарып келсе, кийинчерээк бут кийимдерди да коомчулукка тартуулап, аларды өзү жарнамалаган. Андан сырткары китеп жазуу менен да алектенет. Анын китебинде ийгиликке кантип жеткени тууралуу баяндалган.
Ал эми атасы Дональд Трамп президент болгондон тарта анын жеке жардамчысы болуп дайындалган. Бирок бул кызматы үчүн ага акы төлөнбөйт.
Иванка Трамп 2009-жылы Жаред Кушнер аттуу миллионерге турмушка чыккан жана жолдошу иудаизм динин тутунгандыктан, ал үчүн аталган динге өткөн. Учурда экөө 3 баланын ата-энеси. Түгөйлөрдүн материалдык байлыгы болжол менен 240-740 миллион долларды түзөрү айтылып келет.
Иванка Трамп тууралуу фактылар:
30-октябрдын жылнаамасы.