Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө Райкан Төлөгөновдун жердештери Аксы элинин атынан сот Марат Сыдыковго кайрылуу жасашты.
Кайрылууну жактоочу Сартбай Жайчибеков окуп, иш кагаздарына тиркеп коюуну өтүндү. Мында соттолуучунун жердештери Аксы элине жана кыргыз калкына жасаган иштерин белгилеп актап берүүнү суранышкан.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.