Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыратуу суралды

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлүп тараптар жарыш сөзгө чыгышты.

Отурумдун жүрүшүндө прокурорлор Райкан Төлөгөновдун күнөөсү бар экенин айтып, аны үй-мүлкүн конфискациялап, күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ал эми жактоочу бул иш атайын токулуп жасалганын, күнөөсүн далилдеген фактылар жок экенин айтып соттон Төлөгөновду актап берүүнү сурады.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mir777
2017-10-27 16:14:06
бир чети закон иштеп, тартип орногону жакшы бирок, баарына тегиз болбосо аягы жаман
мисалы "мусабекова" деген тип журналист кызды кандай коркутту эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан