Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде эстрада ырчылары Курал Чокоев жана Ильяз Андаш конокто болот

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде белгилүү эстрада ырчылары Курал Чокоев менен Ильяз Андаш конокто болот. Бул мырзалардын көптөгөн ырлары буга чейин деле популярдуу болуп келген. Бирок 2 ырчы биргеликте "Сейдакматтын ырына" жаңы өмүр берип, аны хитке айлантышты.

"Ачуу айран, арыктан суу ичкен" деген мырзалардын жеке жашоосу, келечектеги пландары тууралуу сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калыңыз. Ырчылар суроолорго түз эфирде жооп берет.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

1-ноябрда SUPER.KG'нин түз эфиринде Курал Чокоев жана Ильяз Андаш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Isco23
2017-10-30 09:17:35
Биринчилерден болуп суроо эмнеге экоонор келесинер супер инфого?))
0
Arti
2017-10-30 09:34:42
Экинчиден болуп суроо берсем тойго чогуу барып да каласынар. Акчанарды кантип болушосунор?)
0
ulik.uma04
2017-10-30 11:38:44
Arti,сен досун мн бир жумуш жасадын 5 минге баалап.досун мн кантип болушот Элен
0
Arti
2017-10-30 13:13:29
ulik.uma04, менде ошондой болгон эмес. ошол учун сурап жатам
0
admin_superstan
2017-10-30 12:08:43
ulik.uma04, Isco23, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
Alibay
2017-10-30 12:46:53
Ильяз Андашты ушунчалык баалайм.Баары жайында жигит.Озунун мунозуно жараша келинчекке жоолукту.Бир да жаман ишке аралашпайт,уккан эмесмин.Уй-булосуно бекем ден соолук каалайм.Ар дайым жакшылыкта таншып ырдап журо берсин.Супер Инфо саламымды туз эфирден окуп койгулаа ,сураныч.
+1
Syn4y
2017-10-30 14:02:34
Alibay, bratiwkasy okwoisun
+1
Alibay
2017-10-30 15:22:32
Syn4y,ишин эмне сенин .Мен тааныбайм .Коро да элекмин жанынан.
+1
samidinova84
2017-10-30 15:59:11
Саламатсыздарбы,супер инфо кызмат жамааты?Сиздерден отунуч,маданият кызматкерленен да соц.кызматкерлерин,депутаттарды,ж.б эл жугун мойнуна алган инсандардан чакырсаныздар.
+4
admin_superstan
2017-10-30 16:32:38
samidinova84, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынды.
0
Elitta
2017-10-30 16:38:59
Саламатсыздарбы? Курал Чокоев эмнеге шляпа коп киесиз? ))Ак калпак деле жакшы жарашатго
+1
nur8777
2017-10-30 19:58:22
Суроом Курал Чокоевге,аял алып ажырашкансызбы? Баланыз канча жашта?Мен сизди бойдок деп ойлогом.
+2
Elitta
2017-10-30 20:09:54
nur8777,Бойдок деп умут кылып журот белен
-5
nur8777
2017-10-31 22:29:37
Elitta, Умут кылбай эле,ментуй булолуумун. Укканымды сурадым!
+1
Yahoo
2017-10-31 13:59:48
Ырчылардын трудовой книжкасында эмне деп жазылат?
+1
islamik
2017-10-31 15:10:13
"Кок бору" деген ырыныз жагат. Озунуз улака кызыгасызбы?
0
ashuular_plus
2017-10-31 16:50:12
Саламатсыздарбы, силер аткарган "Сейдакматтын ырын" балам жакшы коруп угат, 15-ноябрда баламдын суннот тоюн откоргону жатабыз, тойго чакырсак келип ырдап бере аласыздырбы, акысы канча болот?
0
Arti
2017-11-01 09:13:16
Сламатсыздарбы. Курал байкеге суроо. 16 жашында үй-бүлө курганын мурда айткан эле. Бул өспүрүм курактагы кокустук болгонбу же чын эле катуу суйууго кабылдыныз беле?
+2
Pandora
2017-11-01 11:32:30
Саламатсыздарбы? Курал&Ильяз ишинерге ийгилик!!! Суроо:1) Айырмасы жок белгилуу инсанбы же белгисизби,Кыргыздын кош бойлуу келини ичин(жыланыч ичин) коргозуп суротко тушуп,коомчулука жарыялаганга кандай карайсынар?
0
Pandora
2017-11-01 14:42:36
Жогорудагы суроомо эле удаа,экинчи суроом Ильязга,Бир кезде аялындын кош бойлуу кезиндеги,ичин коргозуп тушкон суротту жарыялагансынар,Ата-эне,бир туугандан уялган эмесинерби? жана ошого жакындарынар кандай пикирин айткан? (орусча тарбияланганбыз деген жоопту колдонбоц жооп беришинди суранам)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан