Райкан Төлөгөнов сотто жарыш сөзгө чыгып, прокурорлор саясий буюртманы аткарып жатканын айтты

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө Райкан Төлөгөнов жарыш сөзгө чыкты.

"Урматтуу сот, мага коюлган айып бул атайын иштелип чыккан. Анткени мен жашоодо чынчыл жашадым. Коррупцияга аралашкан жокмун. Мага коюлган айыптын баарын прокуратура жасалма жол менен иштеп чыкты. Алардын далили жок документтерине кантип ишенесиңер?! Бир дагы далил таба алышкан жок. 2010-жылы апрель айында депутаттар, өлкөдөгү таасирлүү кишилердин баары тынчтыкты сактоо үчүн чуркап жүрүштү. Жалгыз мен коогалаңды күч алдырыш үчүн жүрүптүрмүнбү? Мен эмне жиндиминби анда? Андай болсо мени психологиялык жактан текшерип көрүшпөйбү. Бул жерде силер саясий буюртма алып, аны аткарып жатасыңар", - деп билдирди соттолуучу Төлөгөнов.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Makain
2017-10-27 19:04:14
Тоногон учун байып отурсан керек эл жашабан уйдо жашат деп уктум эле
0
almanbetperm
2017-10-27 19:15:53
Makain,конечно турмодо жашаганга эч кимдин духу жете бербейт. Алдыдагы 15 жылын дагы ошол жакта откорсун эгер мородер болсо
0
Makain
2017-10-27 23:19:53
almanbetperm,уурдаса отурсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан