Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө Райкан Төлөгөнов акыркы сөзүн айтты.
"Мен дагы бир жолу айтам мага коюлган айып бул атайын иштелип чыккан. Мен өмүрүмдүн баарын чынчыл жашадым. Бир дагы кылмышка аралашкан жокмун. Мында менин күнөөм жок. Ошондуктан мени толугу менен актап берүүңүздү суранам", - деп билдирди соттолуучу Төлөгөнов.
Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.