Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Райкан Төлөгөновдун иши боюнча өкүм чыкты. Ага ылайык, Төлөгөнов күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды. Ага карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырды.
Прокурорлор соттолуучунун үй-мүлкүн конфискациялап, аны күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Ал эми адвокаты бул иш атайын токулуп жасалганын, күнөөсүн далилдеген фактылар жок экенин айтып соттон Төлөгөновду актап берүүнү сураган.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутаты Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталган. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Маалымат үчүн: Райкан Төлөгөнов белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу.