Ар жума сайын популярдуу клиптер SUPER.KG порталындагы "Супер Хит" долбоору аркылуу добуш берүүгө коюлуп, ар бир клип көрөрмандардын баалоосуна жараша тиешелүү орунга ээ болот. Анда бири четтетилсе, башкасы жаңыдан "Супер хиттин" катарына кошулат.
Бул жумада ырчы Куралбек Чокоевдин "Көк бөрү" ырынын клиби аз добуш топтогондугуна байланыштуу четтетилди. Анын ордун Анжеликанын орус тилиндеги "Где ты, где я" видеокомпозициясы "Супер Хитке" жаңы кошулуп, толуктады. Ырчы айымдын жаңы эмгегинен арзуу, махабат сезимдерин көрүүгө болот. Анжеликанын бул эмгеги музыканы сүйгөн колдонуучуларыбыздын кандай баасына татыйт "Супер Хиттин" кийинки чыгарылышында белгилүү болот.
Апта аралыгында кайсы ырчынын клиби алдынкы орундарга арзыганын көрүү үчүн бул жерди басып, "Супер Хитти" көрүңүз.