Индонезиядагы фейерверк чыгаруучу заводдогу жарылуудан кеминде 50 адам каза болду

Индонезиядагы фейерверк чыгаруучу заводдогу жарылуудан кеминде 50 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 26-октябрь күнү Жакарта шаарынын четинде жайгашкан фейерверк чыгаруучу заводдо болгон. Алгач жарылуу болуп, андан соң өрт башталган. Кырсыктын кесепетинен кеминде 50 адам каза болсо, дагы бир канчасы жабыркаган.

Индонезиянын полиция өкүлү каза болгондордун саны дагы да артышы мүмкүн экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kychan.98
2017-10-28 09:39:08
Акыр заманда олум зынаа алдамчылык ж.б.у.с коп болот делинген экен.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан