Кыргыз режиссёру Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-Казак бир тууган" тасмасы Америкада көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, тасма Американын Санта-Моника шаарында 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин эң ири American Film Market кинобазарында көрсөтүлөт.
Комедия жанрындагы бул тасманын негизги сюжетинде эки улуттун өкүлдөрү үйлөнүүнү чечишет, бирок түгөйлөрдүн бул чечимине туугандары, жакындары каршы чыгат. Баш кошуп бирге түтүн булатыш үчүн ашыктар жана алардын ата-энелери көптөгөн окуяларга дуушар болушат.