Бишкек шаарында "Күздүн түсү" деп аталган сүрөт көргөзмө өтөт. Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашкандай, көргөзмөнүн ачылышы 1-ноябрда өтөт.
Күз мезгилин чагылдырган сүрөтчү Александр Викторовдун эмгектери Семён Чуйковдун үй-музейине жайгаштырылып, саат 11:00дө көргөзмө ачылат. Бишкектеги мемориалдык музейлердин бириктирилген дирекциясы жана Чуйковдун үй-музейинин жамааты тарабынан уюштурулган көргөзмөгө сүрөтчүлөр, студенттер, маданият жана искусство ишмерлери катышат.
Живопись жанрына басым жасаган Александр Викторов - Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, көптөгөн республикалык, эл аралык сынактардын катышуучусу. Реалдуулуктан алыс эмес пейзаж сүрөттөрдө күздүн кооздугу, адамдардын эмоциясынын бул мезгил менен айкалышы берилгенин билдирген ал.