Москвада жол кырсыгы катталып, Кыргыз жараны жаракат алды

Москвада жол кырсыгы катталып, Кыргыз жараны жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дмитровское шоссесинде кырсыкка кабылган Кыргыз жараны Мытищи клиникалык ооруканасына жеткирилген. Окуя 28-октябрга караган түнү болгон.

"Элчиликтин кызматкерлери жаракат алган С.У. аттуу бейтап менен жолукту. Ошол эле учурда аны дарылап жаткан дарыгер менен сүйлөшүштү. Дарыгердин айтымында бейтаптын абалы турукташууда. Ал эми жергиликтүү укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2017-10-28 23:31:21
Тезирээк сакайып кет кыргыз бир тууган!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан