Бишкекте студенттер маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, концерт тартуулайт

2-ноябрь - Кыргыз маданият кызматкерлеринин күнүн утурлай, 31-октябрда Бишкек шаарындагы Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайда майрамдык концерт өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы кабарлагандай, концерттик программа даярдалып, анда аталган окуу жайда билим алып жаткан студенттер таланттарын тартуулайт.

Иш-чаранын жүрүшүндө эң алдынкы делген 10 студентке Рейна Чокоева атындагы Ардак грамота жана стипендия ыйгарылат.

Мындан тышкары "Кыргыз мамлекетиндеги улуу 100 аял" аталышындагы китептер белекке берилет.

Салтанаттуу иш-чара саат 14:00дө башталат. Кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан