Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарынын Исанов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.
Анда Хонда Авансер жана Хонда Фит үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын күбөсүнүн айтымында, Хонда Фит унаасынын ээси жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кеткен.
Натыйжада эки унаа сүзүшүп, Хонда Фиттин арткы эшиги жарактан чыккан. Хонда Авансердин бампери түшүп калган. Кырсыктын кесепетинен Хонда Авансерде кетип бара жаткан аял башы менен терезени сүзүп жаракат алган. Ал "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери менен шаардык ооруканага жеткирилген.