Бүгүн, 29-октябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Тамашоу" Лигасынын 10-сезонунун ачылышы өтөт.
Ага "Ошингтон", "Ала-Тоо", "Жаштар", "Универсал", "Ак-Өргө сити" менен "KG 77", "Stud life", "Позитифф" командалары катышат.
Ар бир команда кызуу даярдыктар менен келгенин билдиришүүдө.
19:19 Оюн башталды. Алып баруучу Эрмек Нурбаев командаларды сахнага чакырууда, сахнага биринчи болуп "Ошингтон" командасы чыкты, андан соң башка командалар эл алдына чыгышты.
19:26 Алып баруучу калыстар тобунун мүчөлөрү менен тааныштырууда, алар "Компьютер-Пресс" ЖЧКсынын президенти Шаиста Шатманова, ырчы Гүлнур Сатылганова, алып баруучу Нурзат Токтосунова, режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, жеке ишкер Имамидин Ташов жана спортчу Азамат Байматов.
19:32 Оюн башталарда сахнага орус тилдүү КВН Лигасынын жетекчиси Евгений Акопян чыгып командаларга ийгилик каалады. Ошону менен бирге "Тамашоу" лигасынын 10 жылдыгы менен куттуктап өттү.
19:37 Эрмек Нурбаев катышуучуларга ийгилик, ал эми көрүүчүлөргө жакшы маанай каалап өттү.
19:39 Алгач сынактан тышкары калыстар тарабынан берилген суроолорго командалар өзүлөрүнүн күлкүлүү жоопторун кайтарышты.
Рысбек Жабировдон суроо: "Эмне үчүн акылдуу деген аялзаты кашын кырып салып, карандаш менен чийип алат?"
"Ала-Тоо" командасы: "Күйөөсү акылсыз да".
"Ак-Өргө сити" менен "KG 77": "Эмне үчүн эркек ага ошол нерсеге акча берет дейм да", "Ушунун баарын Замира Молдошева баштаган да".
"Ошингтон": Роза Отунбаеванын үнүн туурап "Биздин кашыбыз бир жериңерди сайып атабы?"
19:50 Нурзат Токтосуновадан суроо: "Ким маданият министри болот?"
"Ошингтон": "Чык, эшикке!"
Эмил Эсеналиев: "Мени "точно" кылышпайт го даң-даң".
20:06 Азамат Байматов: "Мени күйөрмандар белгилүү футболчулар Рамоско, Роналдуго окшоштурат. Силер эмне дейсиңер?"
"Жаштар" курамасы: "Элдер айта берет да, сиз аларга такыр ишенбеңиз".
Мындан сырткары да өлкөнүн саясий абалына байланыштуу суроолор узатылып, оюнчулар аларга мыкты жоопторун беришти.
20:16 "Саламдашуу" сынагы менен сахнада "Ошингтон" курама командасы чыкты.
20:25 "Ала-Тоо" командасы "Саламдашуу" сынагынын алкагында өзүнүн тамашаларын тартуулоодо. Алгач эле команданын мүчөсү, орус улутундагы кыз кыргыз тилинде так сүйлөп күйөрмандарды кубантты. "Тамашоуну" куттуктап алыскы "Америкадан Дональд Трамп да келип" өзүнүн тамашалуу "Без патента" ырын тартуулап батасын берип кетти.
20:36 "Stud life" командасы бийдин коштоосунда сахнага чыгып өзүнүн "Мотоциклдин түтүнүнө талгак болгон келин" деген миниатюрасы менен элди күлкүгө бөлөштү.
20:47 "Позитифф" курама командасы өзүнүн тамашаларын тартуулоодо.
"Позитифф": "Илгери келин алганда кулдук айтып кантип барышкан?
- Кулдугубуз бар, кулдугубуз бар, кулдугубуз бар.
Азыркы учурда:
-Кулдугубуз бар, үйүбүз бар, "машинебиз бар, "кредитибиз" жок, жок".
21:10 "Универсал" командасы өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал жана Кыргыз-Казак чек арасы тууралуу өзүнүн мыкты тамашаларын тартуулап көрүүчүлөрдүн кол чабууларына арзыды.
21:27 "Тамашоунун" ардагерлери аталган "Ак-Өргө сити" менен "KG 77" командалары оригиналдуу тамашалары менен көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.
21:43 Калыстар тобу оюндун жыйынтыгын чыгарышууда.
21:57 Калыстар тобунун чечими менен оюндун эң мыктылары аныкталды.
Бул оюндун "Эң мыкты командасы" деп "Универсал" командасы аталса "Мыкты оюнчу" наамына Эмил Эсеналиев татыды. Ошондой эле "Позитифф" командасынын тамашасы "Эң мыкты тамаша" деп табылды.
Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан командаларга белектер тапшырылып, калыстар тобу "Stud life" командасына акчалай сыйлык берди.
22:05 Оюн аяктады.