Сокулукта бир үйдөн өрт чыгып төрт адам жаракат алды

Чүй облусунун Сокулук районунда үйлөрдүн биринен өрт чыгып төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы 30-октябрда билдирди.

Маалым болгондой, Күн-Туу айылындагы аянты 150 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1950-жылы туулган К.А. аттуу үй ээсинин денесинин 70-80 пайызы, 1956-жылы туулган И.Г. аттуу аялынын денеси күйүп калган (кайсы жери күйгөнү такталууда). Ал эми баласы терезеден чыгып жатып колун кесип алган болсо, үй ээсинин кайын энеси түтүнгө ууланган. Жабыркагандарды медицина кызматы №4-Бишкек шаардык ооруканасына алып кетишкен. Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан