Орусиядагы элчилик: "Москвада станокко кысылып каза болгон Кыргыз жаранынын жакындарына ишкана компенсация төлөп берди"

Орусиянын Москва шаарында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып көз жумган 28 жаштагы Куштарбек Галбаевдин жакындарына ишкана компенсация төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Ишкана каза болгон Кыргыз жаранынын туугандарына: алардын эки тарапка учуп барган авиабилетин, өлүккананын акысын жана башка чыгымдарын төлөп бериптир. Андан сырткары туугандарына да компенсация төлөшүптүр. Туугандары канча компенсация төлөп беришкенин, так суммасын айтышкан жок. Куштарбек Галбаевдин денесин 25-октябрда Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн. "Жүк 200дүн" чыгымдары да ишкана тарабынан төлөнгөн. Ал эми кырсыкты учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Эмгек инспекциясы кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө максатында текшерүү жүргүзүп жатат, жыйынтыгы чыга элек", - деп билдиришти элчиликтен.

Эскерте кетсек, 23-октябрда Орусиянын Москва шаарында 28 жаштагы Куштарбек Галбаев аттуу Кыргыз жараны "Экопресс" ишканасында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан