Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кадамжай шаарында күйөөсүнөн кордук көргөн 20 жаштагы келин уксус ичип ооруканадан каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-октябрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, окуя 27-октябрда саат 15:00 чамасында болгон.
"Кадамжай шаарынын 31 жаштагы Н.С. аттуу тургуну өзүнүн 20 жаштагы аялын үйүндө өз ара пикир келишпестиктен улам уруп, ар кандай жаман сөздөрдү айткан. Кийин аялы уксус ичип ууланып, Кадамжай аймактык ооруканасына түшүп дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Бул факты боюнча 102-берене менен (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Күйөөсү кырсык болгон күнү эле кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.