Баткенде 2 күн бою күйгөн 20 гектар куураган чөп өчүрүлдү

Баткен районуна караштуу Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы тоодо 20 гектарды каптаган өрт бүгүн, 30-октябрда саат 15:00дө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда саат 13:45 чамасында Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабында куураган чөптү өрт алган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 3-Өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 45 куткаруучу, ӨКМнын №26-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Кечээ, 29-октябрь күнү саат 17:50дө өрт чектөөгө алынып, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 18:30да убактылуу токтотулган. Ал эми бүгүн, 30-октябрда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 20 гектарга чукул куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан